Кабарчы Калиловдон орун басарынын ишинен кийин моралдык жоопкерчилигин жана бул иштен кийин кызматта отурушу канчалык орундуу экенин суроого аракет кылган.
"Кызматта отурушумду орундуу деп эсептейм. Анткени мен бул кызматка жоопкерчиликтин баарын алам деп келгенмин. Ооба, орун басарымдын кылган жумушунун алкагында моралдык жоопкерчилик бар. Бул иш бизге жаңылык эмес. Бизде мурда бул боюнча маалыматтар бар эле, бирок факты жок болчу. Транспорт министрлиги да коррупция менен күрөшүп, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзүп жатабыз", — деди министр.
Калилов орун басарынын коррупциялык иши тууралуу буга чейин билгенин айтып жатат. Бирок ал кармалган күнү "эмне болгонун мен деле билбейм, айран-таң болуп отурабыз" деп комментарий берген болчу.
Белгилей кетсек, Калилов 2017-жылга карата киреше булагы жана мүлкү боюнча тапшырган декларациясында унаасы жок экенин көрсөткөн. Андыктан экинчи суроо ушул боюнча болду.
"Мурда бир нече машинам болгон. Кызматтык машина менен жүргөндөн кийин жеке унаага муктаждык болбой сатып жибергем. Азыр кызматтык машина менен жүрөм. Үйдө, дем алыш күндөрү баламдын жана келинчегимдин машинасын пайдаланам", — деп министр каяккадыр шашып жөнөп кетти.
Деген менен ал 2017-жылдагы декларациясында жакын туугандарынын унаасы бар экенин көрсөткөн эмес. Бул келинчегинин да, баласынын да жеке унаасы жок дегенди түшүндүрөт эмеспи.
Эскерте кетсек, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.