Атамбаев: Бабанов күнөөлүү эмес, ага рахмат айтыш керек

Экс-президент Өмүрбек Бабановго карата козголгон иш боюнча өзүн ыңгайсыз сезип жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мурдагы депутат жана президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго козголгон иш жабылыш керек. Бул туурасында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде билдирди.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады" жана "Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту" деген кине менен президенттик шайлоодон кийин, 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон. Ал учурда Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигин өткөрүп берип, саясаттан кете турганын айткан болчу. Андан көп өтпөй эле өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

"Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда айтылган сөзү кыргыздардын ачуусун келтирди, ачык айтканда. Бирок бузуку максаты болсо, шайлоодон кийин тополоңду баштаса болмок да. Кыргызстандын ынтымагы ал үчүн ыйык нерсе экенин иш жүзүндө көрсөттү. Керек болсо ынтымак үчүн саясаттан да кетем деп депутаттык мандатын да өткөрүп берди", — деди Атамабаев.

Мындан сырткары, ага "Канат Исаев боюнча акча алган, акча тараткан, тополоң уюштурабыз деген аракети болгон" деп иш козголуп, ал жерде Бабановдун да изи бар дегенсип айтылган. Бирок ал иште Бабановдун эч кандай изи чыккан жок.

Атамбаев Жээнбеков менен элдешүү үчүн кандай аракет кылганын айтты
"Азыр Канат Исаев парламентте жүрөт. Бийликтин ага дооматы деле жок окшойт. Мен мунун баарын декабрда эле көргөм. Ошондо жаңы президент Сооронбай Жээнбековго "Бабанов момундай кадамдарга барып жатат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек" деп айткам. Анан ал киши да макул болгон. Керек болсо президент болбосом дагы бир- эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевге жолугуп, "ушундай сөз болбоду беле, Бабановдун иши жабылыш керек эле го, эмне болуп жатат?" деп сурагам. Бирок буйруктарды башка президент берип калган да", — деп агынан жарылды экс-президент.

Ошондой эле Бабанов бир жыл ичинде тынчтыкты бузууга аракет кылбаганын белгилеп, муну үчүн ага рахмат айтуу керектигин билдирди.