Зилалиевдин учурунда кен иштетүүгө канча лицензия берилген? Тизме

Геология агенттигинин мурдагы башчысы эч бир жерде иштебеген тууганына кен чыга турчу жерлер үчүн лицензия алган. Анын ичинде алтын кендери да бар.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. 8-декабрда мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда дээрлик 900 миң доллар табышкан. Ал ошондой эле Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турганда эч жерде иштебеген тууганына алтын кендери үчүн лицензияны каттаткан деп айыпталууда.

Миллиондогон акча чыкты! Зилалиевдин үй-жайын тинткендеги видео
Дүйшөнбек Зилалиев 2013-жылдын 25-июлунан 2017-жылдын 25-августуна чейин Геология агенттигин, кийин кайтадан түзүлгөн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетин жетектеген. Андан соң вице-премьерликке дейре көтөрүлгөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Зилалиев Геология агенттигин башкарып турганда канча лицензия берилгенине саресеп салып көрдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалымат боюнча Зилалиев жетекчи болуп турганда жалпысынан 1542 лицензия берилген.

Алардын ичинен:

Кенди иштетүүгө — 678;

Чалгындоого — 678;

Кен байлыктарды издөөгө — 183;

Жыйноого — 10 (минералдык, коммерциялык максатта палеонтологиялык коллекция үчүн же декоративдик максатта таш материалдар үчүн).

Тогуз лицензиянын максаты жазылган эмес.

Пара алып кармалган министрдин орун басары Жусубалиев камакка алынды
Берилген лицензиялардын 179у алтынга байланыштуу (алтын менен чогуу башка материалдар дагы болушу ыктымал). 90у чалгындоого, 72си издөөгө, 16сы иштетүүгө берилген. Бир лицензия эмне үчүн, кандай иш жүргүзүү үчүн берилгени көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Зилалиев кармалган күндүн эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын убактылуу тергөө жайына киргизилген. Ал мыйзамсыз жол менен байыган деп айыпталууда. 

Андан сырткары, Зилалиевдин декларацияда көрсөтпөгөн батири, үйү жана жер тилкеси аныкталып чыкты. Былтыр апрелде туугандарынын бирөөнө Бишкектин борборундагы эки кеңсени каттаткан. Сатуу-сатып алуу келишими боюнча алардын баасы 34 жана 19 миллион сом деп көрсөтүлгөн.