БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында "Кыргызаэронавигация" ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаев жүрөк кан тамырлары оорусунан көз жумган. Бул тууралуу айыпталуучулардын биринин адвокаты Жогорку соттун жыйынында билдирди.
Айыпталуучулардын биринин адвокатынын айтымында, 19-ноябрда аяктаган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары аткаминер жүрөк кан тамырлары оорусунун кесептинен каза тапканын көрсөткөн. Ошондой эле үч күбө окуя болгон жерде мушташ болбогонун айткан.
Мындан сырткары, Ш. уулу М. аттуу автонун жүргүнчүсүнүн адвокаты анын баш коргоо чарасын кайра карап үй камагына кое берүүнү суранды. Бирок соттук коллегия кеңешүү бөлүмүнө кирип шектүүнү тергөө абагында калтыруу чечимин күчүндө калтырган.