Мирзиёев Өзбекстанда канча чиновник коррупция үчүн жоопко тартылганын айтты

Президент коррупцияны жоюуга жалпы коом жапырт киришмейин иш алдыга жылбай турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 2018-жылдын 11 ай ичинде Өзбекстанда 1,1 миң аткаминер коррупцияга аралашкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу өлкө презденти Шавкат Мирзиёевдин сөзүнө таянып Sputnik Өзбекстан жазды.

"Өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө бут тосуп, элдин жаркын жашоого үмүтүн үзүп жаткан коррупцияны ооздукташ үчүн бир катар иштер жасалды. Жыйынтыгында быйыл эле 1 177 чиновник кылмыш жоопкерчилигине тартылды", — деди Мирзиёев.

Министрдин орун басары кайсы тендер үчүн пара алган? Чоо-жайы
Анын айтымында, ЖМКлар ар кайсы бийлик органдарындагы паракорлук боюнча айтып, жазып келет. Бирок аны жоюуга жалпы коом жапырт киришмейин иш алдыга жалбайт.

"Өлкөдөгү ар бир жамаат өзүн-өзү тарбиялап, ыплас иштерден алыс болмоюнча, коррупцияны жоюу бир гана укук коргоо органдарынын колунан келбейт", — деди президент.

2018-жылдын январь айында Өзбекстанда "Коррупцияга каршы туруу" мыйзамы күчүнө кирип, февралда Мирзиёев паракорлукка каршы атайын комиссия түзгөн. Анын башында өлкөнүн башкы прокурору Отабек Муродов турат.