Пресс-борбор

Таалайбек Ороскулов: мыкты алып баруучу үчүн туура сүйлөө жетишсиз

Таалайбек Ороскулов жоош спикерди сүйлөтүп, эмоционалдуу адамды жоошутуу жолдорун айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik радиосунун редактору, алып баруучусу Таалайбек Ороскулов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өттү.

1 / 2
Sputnik радиосунун редактору, алып баруучусу Таалайбек Ороскулов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин студенттери үчүн мастер-класс өттү
2 / 2
Ороскулов маалыматтык радиоберүүлөр үчүн темаларды тандоо, кызыктуу түз эфир алып баруу, чукул кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин жана жоош спикерди сүйлөтүп, эмоционалдуу адамды жоошутуу жолдорун айтып берди.

Ороскулов маалыматтык радиоберүүлөр үчүн темаларды тандоо, кызыктуу түз эфир алып баруу, чукул кырдаалдарда кандай аракеттерди көрүү керектигин жана жоош спикерди сүйлөтүп, эмоционалдуу адамды жоошутуу жолдорун айтып берди.

"Ар бир эфирдин, программанын артында чоң иш аткарылат. Даярдык кандай болсо, эфир ошондой өтөт. Жакшы алып баруучу болуш үчүн туура сүйлөө жетишсиз, адамдын дүйнө таанымы кенен болушу керек. Мастер-класс учурунда студенттерди ар бир тезиске ой жүгүртүп, реакция жасоого үйрөтүүгө аракет кылдым. Мындан сырткары, алар сабакта укканын практикада колдонушу үчүн атайын оюн уюштурдум", — деди Ороскулов.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

SputnikPro: эксклюзивдүү маалымат булагын табуу жолдору
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы ал редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.