Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Куйрукту кыпчып, коңулдан тиктеп тургандырсың...

Жакшы жатып, жай турдуңузбу, окурман.
Sputnik

Бурадар кечээ күнкү, 6-декабрдагы, видео жаңылыктардын олуттуусун, күлкүлүүсүн жана жан кейиткен учурларын жарыялайт.

Кечээ кыргызстандыктардын бир даары жакасын кармаса, бир даары жерге түкүрүп, дагы бири жанынан түңүлдү. Социалдык тармактагылар ал тууралуу пикирлерин жаадырды. Мага ушул учурда калктын бир катмарынын – паракорлордун, элдин ырыскысын, мамлекеттин болгон-бүткөн байлыгын мите курттай соргондордун бул окуяны укканда эмне ойлогону кызык болду. Бир акын айтмакчы, күйөйүн десең, үмүт көп, күлөйүн десең, күйүт көп…. Сөз министрдин орун басары кызматында туруп, 50 миң алды деген аткаминер туурасында болуп жатат… Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тараткан видеосунда окуянын кандай болгону тартылган.  ал "Арак ичүү жана соодалашуу. Министрдин орун басарын колго түшүргөн видео" деп аталат. Эгерде бул киши чын эле пара алган болсо, кантип дити барды?

Кийинки видео мамлекетти кургуйга сүйрөгөн коррупция менен күрөшүүдө кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү ишенип турган азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун Санкт-Петербургга жыйынга барганы баяндалат. 

Үнү кудайга жетип… Кан жол, узак жол… Кырсык каш-кабактын ортосунда экенин бул окуяны көрүп, дагы бир ирет ынанасың. Абайлагылачы… Оштогу эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгынын видеосу чыкты. 

Басканы эле бир тайлык! Саясатты да, коррупцияны да, кырсыкты да унуттурган бул ирмемдер, албетте, ичиңизди жылытып, жылмайтат. Казакстандагы спорту баланын кылыгы. 

Ааламда эмне кеп десеңиз, кыргызстандык мушкер кызыбыз Валентина Шевченко менен польшалык спортчу Жоанна Енжейчик күчүн сынап беттеше турган болду. Экөөнүн таймаш алдындагы тиктешин көрсөңүз, жигиттердин да жүрөгү жалтанчудай. 

Аба ырайы. Бишкек менен Ош шаарында жаан-чачын болбойт, абанын температурасы Ош шаарында +10…+12, Бишкек шаарында +5…+10 нөлдөн жогору болот экен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.79 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Нысапсызга кашык берсең, беш ууртайт.

Алдыдагы эс алуу күндөрүңүз бейгам өтүшүн тилеп, Нургүл Максутова.