Казак талааларында суукта калган 8 кыргызстандык куткарылды

Элди Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек — Sputnik. Казак талааларында калган кыргызстандык сегиз жаранды сууктан сактап калышты. Бул туурасында Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлаган.

Россияга барып алданып калган кыргызстандыктар боюнча элчилик үн катты
1-декабрда жолго чыккан Газель-8 автоунаасы кыргызстандык жүргүнчүлөрү менен бузулуп жолдо калган. Казак куткаруучулары суукта калган адамдарды Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен. Маалыматта эч ким жабыркабагандыгы айтылат.