Депутаттар балдарга китеп окуп берүү акциясын баштады

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарындагы балдар бакчасынын тарбиялануучуларына, мектеп окуучуларына китеп окуп бере баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Жогорку Кеңеш жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу жаңы жыл алдында "Балдарга жаңы жылга белек — акылдуу китеп" акциясын баштады. Бул туурасында аталган фондудан билдиришти.

Иш-чаранын максаты — коомчулуктун көңүлүн окуу маданиятын алга жылдырууга буруу, балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн калыптандырууда китептин баалуулугун көрсөтүү.

Балага ойдон чыгарып жомок айтып берсе болобу? Аман Кармышаков менен маек
Алардын алгачкыларынан болуп, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Ош шаарындагы №37 "Байчечекей" балдар бакчасында жана ушул эле күнү №17 мектеп гимназиясында балдарга китеп окуп берүү менен баштады.

Эл өкүлдөрү аталган фонд тарабынан даярдалып, жарык көргөн "Манас в рисунках", "Балдарга базарлык", "Тоо жаӊырткан чагылган", "Кыргызстанды кыдырабыз", "Ынтымак сыры", "Балерина", Мектепке саякат", "Биз мектепке барабыз" дагы башка бир катар китептерден окуп бермекчи.

Иш-чара жаңы жылга чейин республиканын бардык аймактарында өтөт.