Ысык-Атада Mercedes-Benz коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду

Кырсыкка себепкер киши жардам көрсөтпөстөн ал жерден кетип калган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ысык-Ата районуна караштуу Красная речка айылынын жолунан унаасын түртүп келе жаткан 18 жаштагы жигитти Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина коюп каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди.

1 / 2
Ысык-Ата районуна караштуу Красная речка айылынын жолунан унаасын түртүп келе жаткан 18 жаштагы жигитти Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина коюп каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди
2 / 2
Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрга караган түнү болжол менен саат 2.20ларда болгон.

Быт-чыты чыккан көлүк. Троллейбусту сүзгөн унаанын айдоочусу мүрт кетти. Сүрөт
Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрга караган түнү болжол менен саат 2.20ларда болгон. Чыгыштан батышты көздөй келе жаткан Mercedes-Benz ошол эле багытта унаасын түртүп келе жаткан уланды сүзүп, эч жардам көрсөтпөстөн из жашырып кеткен. Алган жаракатынан улам жигит Кант шаарындагы ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн.

Милиция 4-декабрда кырсык болгон жерге түшүп калган фарадан улам унааны таап, ээсин аныктады. Дмитриевка айылынын 63 жаштагы тургуну кармалып, унаасы айып короого токтотулду.