Радио

Карыпбеков: мени сынагандарга бардык жагынан көз карашым түз

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кайсы кызматта аркаласа да жөнөкөй, элге жакын болууну кааларын айтты.
Sputnik
Карыпбеков: мени сынагандарга бардык жагынан көз карашым түз

Мен жетекчимин деп эле олуттуу болуп жүрө албайм. КТРКнын мурдагы жетекчилериндей олуттуу эле болбойсуңбу дегендер бар, бирок мен эркин, жөнөкөй жүрүүнү жактырам. Мындай пикирин Илим Карыпбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун КТРКнын 60 жылдык мааракесине арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал жеке өзүнө жана ишмердүүлүгүнө айтылган сындардын бардыгын түз кабыл алат.

"Сын айтылып туруусу керек, ошондо өсүш болот. Кызматыма байланыштуу эл сындап, өз пикирин билдирип, талап кылып турууга укуктуу. Биз аны аткарганга аракет кылып, кемчиликтерибизди түздөп, иштешибиз зарыл. Элдин сынын көтөрө билген компанияда гана өсүш болот. Ал эми жеке өзүмө багытталган сындардын баары менен эле макул боло албайм. Анткени мен социалдык тармакта болобу, же жашоодобу, жөнөкөй адаммын. Ооба, менин кызматым жетекчилик, мен тигил же бул пикирди билдирээрде аны эстен чыгарбашым керек. Ошентсе да мен деле эл сыяктуу тамашалашкым келет, башкаларга сын айткым келет, оюмду билдиргим келет. "КТРКнын мурдагы жетекчилериндей олуттуу болбойсуңбу" деп айткандар да бар. Бирок мен андай боло албайм", — деди Карыпбеков.

Ал ошондой эле Коомдук телерадиокорпорациясынын бардык көрүүчүлөрүн жана кызматкерлерин 60 жылдык мааракеси менен куттуктап өттү.