Кыргыз драма театры жыл аягына чейин 6 спектакль тартуулайт. Тизме

Спектаклдердин баары саат 18.00дө башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз улуттук академиялык драма театры декабрдагы репертуарын жарыялады.

Бул айда жалпы театр сүйүүчүлөрүнө 6 спектакль көрсөтүлүп, анын үчөө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлмакчы.

11-12-декабрь — "Кылым карытар бир күн", Чыңгыз Айтматов;

13-декабрь — "Саманчынын жолу", Чыңгыз Айтматов;

14-декабрь — "Чыңгызхандын ак булут", Чыңгыз Айтматов;

18-декабрь — "Бакбергендин балпайган бактысы", Флорид Буляков

19-декабрь — "Көздөн учкан Ата Журт", Бексултан Жакиев;

20-декабрь — "Абийир кечирбейт", Токтоболот Абдумомунов.

Спектаклдердин баары саат 18.00дө башталат.