Быйыл кыргызстандыктар жашоосун 100 млн. сомго камсыздандырды

Бул жылы акча төлөнүүчү эки окуя катталган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстанда ыктыярдуу түрдө жашоосун бир жылга чейин камсыздандыруу боюнча 549 келишим түзүлгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Акча издеп, ажал тапкан мигранттар. Жүк-200дү алып келүү канткенде жеңилдейт
Сумма жалпы жонунан 99,3 миллион сомду түзгөн. Башкача айтканда, бул акча тийиштүү учур катталганда төлөнөт. Ал эми камсыздандыруу үчүн 300 миң сом төлөм түшкөн.

Статкомдун маалыматы боюнча тогуз айдын ичинде эки учур катталып, ар бирине 100 миң сомдон төлөнүп берилген.

Жалпысынан 244 миң келишим түзүлүп, анын тең жарымы дээрлик кырсыктагандарга жана ооругандарга туура келет.