Президент Жээнбеков майыптарга 5 млн. сом бөлдү

Бүгүн майып адамдардын эл аралык күнү белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата социалдык стационардык мекемелерге жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Майып балдарга эми "жеке ассистент" жалданып, ага айлык төлөнөт
Билдирмеге караганда, президент резервдик фондунан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигине 2,5 миллион сомдон, жалпы 5 миллион сом бөлдү.

Жээнбеков буга чейин кайрылуу жасап, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо мамлекеттин социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын айткан.