БИШКЕК. 1-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо, Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жээнбековго КРдин Сотторду тандоо кеңешинен тогуз талапкерди судьялыкка дайындоо сунушу түшкөн. Алар — Жогорку сотко бир, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна бир, Ысык-Көл облустук сотуна эки, Бишкек шаардык сотуна беш талапкер эле.
"2018-жылдын 23-ноябрында мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Анын жыйынтыгын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент КРдин жергиликтүү сотторуна беш талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта алардын бири Жогорку соттун судьялыгына, үчөө жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкер болгондугу айтылган.
Биринчи Жарлык менен Конституцияга ылайык мөөнөткө КРдин Жергиликтүү сотторунун судьялыгына беш талапкер дайындалды.
Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:
— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна — Мээрим Казыгулова;
— Ысык-Көл облустук сотуна — Жаңыл Борончиева;
— Бишкек шаардык сотуна — Алмаз Карабеков, Антонина Рыбалкина, Жамиля Сабитова жиберилди.
Маалыматта Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери айтылды.
Февраль айынын башында Жээнбеков мыйзамды одоно бузган соттор сөзсүз түрдө жазага тартылышы керектигин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирген.