Ал 10 күн мурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментине директор болуп дайындалды. Мамлекет чоң үмүт арткан тармакты жетектей баштаган Дамир уулун коомчулук анча тааный бербегендиктен, Sputnik Кыргызстан аны маекке тартты.
— Максат, буга чейин атыңызды туризм тармагынан уккан жок элек. Кайсы кызматтарды аркалагансыз?
— "КР Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү" программасында экономиканы өнүктүрүү боюнча координатор болуп иштегем. Ага чейин эл аралык уюмдарда, жеке ишканаларда эмгектендим.
— Өлкө үмүт артып, экономикабызды көтөрөр бекен деп карап турган тармакты сүйрөп кете алам деп ишенесизби?
— Өз күчүмө, билимиме ишенбесем, келмек эмесмин. Албетте, жоопкерчилиги чоң экенин билем. Сунуш болгондо дароо эле макул дей койгон жокмун. Анткени акыл калчаш керек болчу. 3-4 күнчө ойлондум.
— Жакында эле премьер-министр "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасын түзөбүз деди. Туризм агенттиги тургандан кийин ал ишкананын кандай зарылдыгы бар?
— Сиз айтып жаткан 5 миллион 200 миңдин баары эле чет элдиктер эмес да. Анын бир бөлүгү орус жарандыгын алган мигранттар экенин өзүңүз деле билесиз. Киреше алып келе турган чыныгы туристтердин анык санын кантип билсек болот?
— Туристтердин санын билүүгө шартыбыз чындап эле жетпей жатат. Бул үчүн туристтик паспорт же карта киргизебизби, айтор кадамдар жасалат. Бирок маселени ар кайсы тармак өкүлдөрү, ишкерлер менен тыкыр талкуулашыбыз керек. Анткени кандай гана кадам болбосун, бир тараптан пайдасы тийгени менен зыяндуу жактары дагы болуп калышы мүмкүн.
— Ишкерлер демекчи, коомчулук арасында "туризмди эл өзү эле өнүктүрүп жатат, мамлекеттин салымы аз" деген пикир бар. Кошуласызбы?
— Бул пикирдин кошула турган дагы, кошулбай турган дагы жактары бар. Кошула турган жагы — мамлекетте каржы маселеси татаал болгондуктан, жакшы долбоорлорду сунуш кылып, ишкерлерге жардам берүү жааты аксап келген. Макул болбогон жагы — бийлик туристтерге ыңгайлуу мыйзамдарды чыгарбаса, чет элдиктер кандай келет эле? Бир эле мисал — визасыз режим. 2012-жылдан бери Кыргызстанга 45 мамлекеттин жарандары ээн-эркин келип-кетип жүрүшөт.
— Ооба, жапайы, айрым жерине киши буту тие элек жерлерибиз биздин артыкчылыктуу жагыбыз. Бирок кайсы аймак болбосун ыңгайлуу шарттар түзүлүп, инфраструктура жакшыртылышы керек. Ошол эле тарыхый жайлардын жанына эс алуу борборлорду куруп койсок, жаратылыш булганбайт жана иштеткендерге кошумча каражат түшөт.
— Көпчүлүктү нааразы кылган баа саясатын жөнгө салуу боюнча жаңыча көз караштарыңыз барбы?
— Бааларды жеткиликтүү кылуунун бир эле жолу бар. Бул — атаандаштыкты күчөтүү. Ал үчүн ишкерлик өнүгүп, кызмат көрсөткөндөр көбөйүшүнө шарт түзүлүшү керек. Ошондо өзүнөн-өзү баалар түшөт. Мындай жолду бизге чейин азыр бүткүл дүйнөдөн туристтер агылып жаткан Түркия, Таиланд сыяктуу өлкөлөр дагы басып өткөн.
— Туристтик милиция түзүлөт деп жатабыз. Пайдасы тиет деп ойлойсузбу?
— Сөзсүз тиет. Анктени азыр милиция көчөдө эки-экиден ээрчишип алып, чет элдикти көрсө эле документин текшерип, тынчын алганын көрүп жүрөбүз. Алардын ордуна чет тилин билген, сылык-сыпаа иштеген, туристтин көйгөйүн чечип, кеңеш бере турган кишилер керек.