БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Түштүк Африкада гиеналар үйүрү менен ургаачы арстанга кол салууга тап коюп, бирок аны эки эркек арстан келип сактап калганы видеого түшүп калган.
Адаттан тышкаркы бул көрүнүш аталган аймактагы улуттук Крюгер паркында болгон. Окуяга күбө болгон студент кыз Эмбер Сомстун тартып алган видеосун Daily Mail жарыялады.
Анда жар сымал тектирдин алдында турган ургаачы арстанга кол салууга аракеттенип чаңырып, ар кыл үндөрдү чыгарган гиеналарды көрүүгө болот. Болуп жаткан бул окуяга айланадагы жаныбарлар, ошол жердеги жүргөн канаттуулардын алыстап кетип, кайра жакындап келип жатканы байкалат.
Видеонун автору бул кадрлар "Король Лев" мултьфильминдеги кичинекей чөөлөрдүн курчоосунда калган Симбанын окуясын эстеткендигин жазган. Анда күчүктүн атасы Муфаса жетип келип, баласын сактап калган эмеспи деп айтылат маалыматта.