Чачтан тартылган залкарлар, 3D кишилер. Бишкектеги өзгөчө көргөзмөнүн сүрөттөрү

Sputnik

Ал жерге Умар Мажитов чачтын кыркындысынан тарткан ар кандай сүрөттөрүн жана Чыңгыз Айтматов, Исхак Раззаков, Сүймөнкул Чокморов, Саякбай Каралаев сыяктуу Кыргызстандын жана дүйнөнүн көрүнүктүү инсандарынын портретин алып келген. Арасында президент Сооронбай Жээнбековдун да сүрөтү бар

Бишкектик сүрөтчү келин эне жөнүндө эмгектери менен интернетти жарды
Бишкектик сүрөтчү келин эне жөнүндө эмгектери менен интернетти жарды. 10 сүрөт
Ал эми улуттук кийимдерди жана аспаптарды даңазалоону максат кылган Мээрим Асаналикова менен Элвира Усупова 3D форматында тарткан 21 сүрөтүн элге тартуулады. Алар бир эле сүрөттү жаратуу үчүн бир жумадан бир айга чейинки убакыт талап кылынарын айтышат. Боёк эле эмес, кездеме, кийиз, тери, шуру, топчу, жип сыяктуу бир нече элементтердин курандысынан бир адамдын образы ачылат экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Умардын таланты тууралуу материал жасагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Муну сүрөтчү өзү да белгилеп, көргөзмө уюштурууга ошол макала жана элдин колдоосу чоң стимул болгонун айтты.

"Бул жерге 24 сүрөтүмдү алып келип, эл сынына койдум. Негизи 6 айдан кийин уюштурууну пландаган болчумун. Сиздердин колдооңуздар мага чоң дем берип, бир айдын ичинде даярдоого жетиштим. Мындан ары дагы ушул искусство аркылуу эл аралык сынактарга катышайын деген ойлорум бар", — деди Мажитов.

Ошондой эле ал тарткан портреттерди 100 долларга чейин баалап сатып алууга кызыккандар болгонун айтты.