Борбор калаада алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Мелдешке Кыргызстандан башка Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Монголия Түркмөнстан, Белоруссия жана Ирандын балбандары катышмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы Кожомкул атындагы спорт сарайда алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Антонина Шевченко атаандашынан жеңил экенине карабай беттешмей болду
Таймаш 19-декабрга белгиленген. Кыргыз Эл баатыры, коомдук жана саясий ишмер Апсамат Масалиевдин элесине арналган турнирге Кыргызстандан башка Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Монголия Түркмөнстан, Белоруссия жана Ирандын балбандары катышмакчы.

Эл аралык мелдешке 18 жаштагы жана андан улуу курактагы спортчулар катышып, классикалык стилде эркектер 70, 80 жана +80 килограммда күрөшөт. Ал эми кыз-келиндер 55, 65 жана +65 килограмм салмакта күч сынашат.

Иш-чараны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Алыш федерациясы жана Апсамат Масалиев атындагы коомдук фонду уюштурууда.