Сапар Исаков 5-январга чейин камакта калтырылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.

Жээнбековдун президенттигине бир жыл. Козголгон чуулгандуу иштер
Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын- ала белгиленген иш-аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.