Sputnik Кыргызстан агенттиги ноябрь айындагы айрым соттук чечимдерди сунуштайт.
Вебкам уюштурган студенттер
Жип талашкан эже-сиңдилер
Жаш кыз тууганынан уруксат сурабай үйүнөн жип алган. Ошонун айынан эже-сиңдинин ортосунда мушташ чыгып, үй кожейкеси мейман болуп келген кыздан таяк жеген. Жеңил жаракат алып, денеси көгала болгон жабырлануучуга айыпкер кыз 5000 сом төлөйт.
Чоң муштум өгөй ата
26 жаштагы эркек үйгө мас болуп келип 10 жаштагы өгөй кызын катуу сабаган. Эргул кичинекейди канжалата уруп, денесин көгала болгуча муштагылаган. Эми ал чоң муштум "ата" бир жыл өмүрүн темир тор артында өткөрмөй болду. Иликтөөнүн жүрүшүндө эркек мындай зомбулугун буга чейин да жасап келгени аныкталган.
Көчөдөгү кандуу мушташ
Зордуктап, элге жаям деп коркутуп…
Түн ортосунда өспүрүм кызды телефон менен көчөгө чакырып чыгып, анан аны эски үйгө алып барып зордуктаган жигит болгон окуяны айылдагыларга айтам деп коркутат. Кыз өз жанын кыюуга аракет кылганы жатканда ата-энеси билип калып, кылмышкерди милиция колго түшүргөн. Ал териштирүү маалында жабырлануучу менен буга чейин деле жакын мамиледе жүргөнүн билдирген. Сот аны 15 жылга эркинен ажыратты.
Бир тууган агасын өлтүргөн келин
Айылдашына ок атып
26 жаштагы жигит тогуз жаштагы баланы пневматикалык мылтыгы менен көзгө атып алган. Каргаша кокустуктан болгонун айткан адам кылганын жарым-жартылай моюндады. Ал эми баланын оң көзү көрбөй калып, ок баш сөөгүндө калып калган. Куралдын ээси үч жылга шарттуу кесилди.