Баткен прокурорунун денеси кантип өрттөлгөн? Прокуратуранын түшүндүрмөсү

Кылмышка шектелип жаткан Мелис Калыков аңчылыктан кайтканда прокурорду Lexus LX470 унаасына салып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун прокурорунун денеси эмнеден улам өрттөнгөнүн Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев маалымат жыйын учурунда түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү Мелис Калыков аңчылыктан кайтканда прокурорду жалгыз Lexus LX470 унаасына салып кеткен.

"Шектүү биринчи сурагында экөө жолдо баратканда унаанын ичинде уруш чыгып, андан соң машинасын токтотуп сыртка чыгып мушташышканын айтып берген. Андан кийин мылтыгын алып чыгып кармашып жатканда экөө жыгылган. Ошол учурда кокусунан мылтыгы атылып, ок прокурордун башына тийген. Коркуп кетип тамеки чегет, анын чогунан бушлаты күйгөндө аны чечип жерге таштаганда жалын Мамажакыповго жабышканын айтты. Экөө тең мас абалында болчу. Тергөө маалында бир топ далил заттар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынды. Ошондуктан Калыковдун күнөөсү далилденет", — деди Бейшекеев.

Ал эми ага карата кыйноо фактылары болуп жатат деген маалыматты ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында айтып жатат деп баалап, чындыкка коошпойт деп ишендирди.

Баткенде прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары митингге чыкты
Ошндой эле Бейшекеев Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда Баткен облусунун прокурорунун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору, орун басары менен кошо иштен алынганы айтылды. Буга чейин алар тергөө иштери бүткөнгө чейин кызматтан убактылуу четтетилген болчу. Алар жетекчисин мас абалында рулга отурган адамдын унаасына салып жибергени боюнча жаза алган.

Прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

Деген менен шектүүнүн да, маркумдун да туугандары тергөө иштерине нааразы. Алар ошол күнү аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун да камалышын талап кылып жатышат.