Социалдык тармак кылмышкер кыздын сулуулугуна суктанууда

Изделип жаткан кыз мектептеги эң сулуу бийкечтердин бири болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кытай полициясы алдамчылыкка шектелген кыздын сүрөтүн жарыялап, издөө салганын жар салган. Социалдык тармактын колдонуучулары шектүүнү "эң сулуу кылмышкер" деп атады. Бул тууралуу South China Morning Post жазды. 

Сычуань провинциясынын Мяньян шаарынын полициясы шектүүнүн сүрөтүн жарыялагандан кийин ал укмуш тездик менен тарай баштаган.

Смартфонду "сулуу" кылмышкерлерден сактап калуу жолдору. Адистин кеңеши
​Полициядан билдиришкендей, шектүү кылмыштуу топтун мүчөсү болуп барга келген адамдардын акчасын алдап алып турган. Укук коргоо органдары кылмыштуу топ жарым жылдан бери алдамчылык менен алектенип келгенин, ал эми изделип жаткан кыз 19 жашта экенин аныктаган.

Шектүүнүн классташтары ал мектептин эң сулуу кыздарынын бири болгонун айтышкан. Ал эми интернет колдонуучулар кылмышкер болгуча видеоблогерликти тандаганда алда канча көп каражат тапмагын жазышууда.