Адис: кара жумушта иштеген кыргызстандык мигранттардын саны азайды

Кыргызстандыктардын көбү жетекчилик кызматтарда болбосо да менеджерлик кылып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстандагы эмгек мигранттарынын абалы тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

"Казакстанда 115 миңге жакын кыргызстандык бар. Аларды эмгек мигранттары деп атоо кыйын. Себеби алардын көбү жеке ишкерлик менен алектенишет. Биздин жарандар негизинен жеңил өнөр жай тармагындагы товарларды сатышат", — деди ал.

Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты
Асанбаевдин айтымында, Россиядагы кыргызстандыктардын дагы абалы жакшырды.

"Кара жумушта иштегендердин саны азайды. Рыноктогу эркиндикке таянып кыргызстандыктардын көбү жетекчилик кызматтарда болбосо да менеджерлик кылып келет. Тамак-аш, кызмат көрсөтүү, транспорт инфраструктурасы сыяктуу тармактарда иштегендердин саны да өстү", — деди адис.

Асанбаев мындай пикирин "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду тарабынан уюштурулган "Кыргызстандык эмгек мигранттарга пенсияны ким төлөйт?" аттуу талкуу учурунда билдирди.