Бишкек: ит Тез жардам алып кеткен ээсин ээрчип чуркаганбы? Дарыгердин жообу

Тез жардам көрсөтүүчү борбордон автоунаанын артынан чуркаган ит кимге тиешелүү экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын көчөсүн бойлой,  Тез жардам кызматынын автоунаасынын артынан чуркаган ит  социалдык тармакка жарыяланды.

Видео WhatsApp номери аркылуу келгендиги кабарланган. Ал эми видеону эркектин үнү коштоп, ит 15-20 мүнөттөн бери тынбай, болжол менен саатына 40 чакырым чуркап келе жаткандыгын баяндап берген.

Соцтармактагы аккаунттун ээси ит дарыгерлер алып кетип бара жаткан ээсинин артынан чуркап келе жаткандыгын жазган.

Бишкек шаарындагы Тез жардам көрсөтүү боюнча медицина борборунун кайра жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов иттин дайын-дарегин айтып берди.

"Айдоочулардын бири бул жаныбарды өзү менен алып кеткен. Ошондон тарта ит ал айдаган Тез жардамдын аркасынан чуркап жүргөнү жүргөн. Бул биздин итибиз, аны эч кимге бербейбиз", — деди Борисов.

Ал эми социалдык тармакта анын берилген жаныбар экендигин жазып, жакшы пикирлерин калтыргандар да болду.