Баткенде прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары митингге чыкты

Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип камалган Мелис Калыковдун тарапташтары облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине шектүүнүн бир тууган эжеси Дариха Калыкова кабарлады.

1 / 2
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип камалган Мелис Калыковдун тарапташтары облустук администрациянын алдына митингге чыгышты
2 / 2
Алар Калыковдун кармалышы адилетсиз болгонун айтып, окуя болгон күнү Мамажакыповдун жанында жүргөн прокурорлордун да тергелишин талап кылышууда.

Алар Калыковдун кармалышы адилетсиз болгонун айтып, окуя болгон күнү Мамажакыповдун жанында жүргөн прокурорлордун да тергелишин талап кылышууда. Митингге чыккандар "Мыйзам баарына бирдей болсун", "Бир адамга эмес, баарына бирдей чара көрүлсүн" деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп турушат.

Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайлар чыкты
Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат.

Эске сала кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Мелис Калыковду кармаган. Ал Оштогу убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кылмыш ишти ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы иликтеп жатат. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары Арстан Усанов прокурордун денесинин 80 пайызы күйүп калганын билдирген.