Улуу Британияда полиция кызматкерин тиштеген күчүк камалды

Иттин ээси Хейс аттуу жарандын айтымында, күчүктү кайсы жайга киргизишкенин укук коргоо органдары айткан эмес. Эми ал адвокат жалдап күчүгүн куткарып алууга кам көрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Улуу Британияда полиция кызматкерин тиштегени үчүн чау-чау породасындагы Бангл аттуу күчүк тогуз айга камакка алынды. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазды.

Төрт айлык күчүк иттерди кармай турчу жайга киргизилген. Иттин ээси Хейс аттуу жарандын айтымында, күчүктү кайсы жайга киргизишкенин укук коргоо органдары айткан эмес.

Кыргызстанда биринчи жолу иттин өлүмү боюнча киши соттолду
Эми ал адвокат жалдап күчүгүн чыгарып алууга кам көрүүдө.

Учурда полиция коркунучтуу иттер жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иттин ээсине карата кылмыш козгоо маселесин карап жатат. Эгер иш козголсо иттин ээсине айып салынып, камакка алынышы да ыктымал.

Төрт айлык күчүк өткөн жумада жоголуп кетип, полиция кызматкерлери тарабынан табылган. Ал жүк ташуучу автоунаанын алдына кирип жашынып калган. Укук коргоо органдарынын өкүлү алып чыгууга аракет кылганда колун жана бутун тиштеп алган. Полиция бул окуя тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере элек.