Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады

Операциянын уникалдуулугу — протез оорулуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чет өлкөдөн атайын заказ аркылуу алынат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун жетекчиси, ортопед Сабырбек Жумабеков дагы бир уникалдуу операция жасады. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков тастыктады.

Дарыгер тоталдык эндопротез деп аталган операцияны жаңы каражаттарды колдонуу менен жасап, колу кыймылдабай калган адамды майыптыктан сактап калды.

Сентябрь айынын башында катуу жыгылып, колун сындырып алган адам райондук бейтапканага кайрылган. Ал жакта сөөгүнө операция жасалып, ийин сөөгүнүн башынын майдаланып кеткен бөлүктөрү алып салынган.

"Ошондон кийин сөөктүн башы дефект болуп, колу кыймылдабай калган. Оорулуу айласыздан бизге кайрылып, Сабырбек Артисбекович ага операция жасады. Кемтик болуп калган жерге курамы адамдын сөөгүнө окшош материалдан жасалган протез коюлду. Андыктан ал бара-бара сөөккө жабышып өсүп кетет да өзүнүкүндөй болуп калат", — деди Кубатбеков.

Кыргызстандык хирург башты ачпай мээге жасалган 10 уникалдуу операцияга катышты
Анын айтымында, операциянын негизги максаты — колду толук кандуу кыймылдатуу. Уникалдуулугу — протез оорулуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен атайын чет өлкөдөн заказ аркылуу алынат.

Кубатбеков бейтап операциядан кийин өзүнө келгенин, бирок дагы 10 күндөй дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады. Андан соң гана мурдагыдай эки колу тең ишке жарамдуу болуп турмушун улантууга болот экен.