Аксыдагы талашка түшкөн "Ак-Моло" кени. Эки компаниянын чырын ким чечет

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Ак-Моло" кени жергиликтүү эки компаниянын талашына айланды. Алардын бири ал аймакта алтын издесе, экинчиси каолин казууда.
Sputnik

Эки тарап тең бири-биринин мыйзамсыз аракеттерин мамлекеттик органдарга жеткирүүгө бел байлаган. Бирок алардын мындай ыкмалары жыйынтык бербей, кендин айланасындагы маселе Чубактын кунундай чубалып келүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын күңгөй-тескейин тактоого аракет кылып көрдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 2009-жылы Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу 941 гектар жерин алтын кенин чалгындоо үчүн "Спектр" ЖЧКсына лицензия берген. Орто жолдо геология тармагын тескеген комитет аны жокко чыгаруу үчүн аталган компания менен беш жылдай соттошкон. Жыйынтыгында ишти сот ишкерлердин пайдасына чечкен. Ишкана ал уруксат кагазга сегиз жылдан бери ээлик кылып, бул убакыт аралыгында чалгындоого ири каражат жумшаган.

"Спектр" ЖЧКсынын финансылык директору Вероника Исаеванын айтымында, кенди чалгындоого 500 миң доллардан ашык каражат сарпталган.

"Ак-Моло" кени буга чейин изилденгендиктен биз алтын казууну өндүрүшкө киргизүүнү пландаганбыз, ишти соңуна чыгарабыз. Мөөнөтү бүтүп калган лицензияны жокко чыгаруу зарылчылыгы жок деп ойлойм. Жалпы геологиялык чалгындоого 500 миң доллардан ашык каражат жумшадык. Биздин кендин аянтына кирген жерге лицензия алган экинчи ишкана каолин казганга чейин биз менен кеңешиши керек болчу", — деди Исаева.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маселе лицензия алган компаниянын талаптарды аткарбагандыгынан келип чыккандыгын билдирди. Мекеменин жетектөөчү адиси Азамат Орозов уруксат кагазы берилген жерде эч кандай жумуш жүргүзүлбөй келгендигин айтат.

"Спектр" ЖЧКсы өзүнө тиешелүү аймакта чалгындоо жүргүзүп келгенбиз деген. Бирок иш жүзүндө эч кандай аракет болгон эмес. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция аны текшерип чыкканда кылынган иш менен отчеттун бири-бирине дал келбегендигин аныктаган. Алар мамлекеттик органга туура эмес маалыматтарды берип келген. Ошонун негизинде 2009-жылы берилген лицензияны жокко чыгаруу маселеси кайра көтөрүлгөн", — деди Орозов.

Мамлекеттик комитет 2014-жылы Жер казынасы жөнүндө мыйзамына таянып, 940 гектардан ашкан аянттагы жерде каолин казуу үчүн ишкер Сергей Буяновго тиешеси бар эки фирмага лицензия берет. Ошонун айынан жеке тараптар ортосунда араздашуу башталган. Алтынды чалгындоо үчүн уруксат кагазын алган тарап каолин казгандар курамында алтын бар тоолорду мыйзамсыз казып жатат деп коңгуроо кагып, укук коргоо органдарына кайрылган. Арыз жазгандар Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы эч кандай чара көрбөгөнүн жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети чалгындоону соңуна чыгартпай жаткандыгын айтууда. Документтерге ылайык, алардын лицензиясынын мөөнөтү 2018-жылдын 1-декабрында соңуна чыгат.

Рудник "Ак-Моло" в Аксыйском районе Джалал-Абадской области

"Эмнеге мындай бут тоосулар болуп жатканын билбей турам, себеби лицензиябыз 1-декабрда соңуна чыгат. Ага чейин бул кендин канчалык деңгээлде өндүрүштүк мааниси бар экендигин далилдейбиз. Учурда "Ак-Моло" кенин өндүрүшкө киргизүү үчүн каражат издеп, чалгындоо жигердүү улантылууда", — деп Исаева кошумчалады.

Курулушта колдонулган каолинди казууга эки лицензия алган Сергей Буянов болсо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "Спектр" ЖЧКсы аны мыйзамсыз алтын казып жатат деп негизсиз жалаа жаап жатканын айтууда.

"Кесипкөй геолог алтындын кайсы жерде, кандай тереңдикте жатканын билиши керек. Мен каолин бар жерлерди гана казып жатам. Эмнеге бийлик кендин өлчөмү аныкталган аймактарга геологиялык чалгындоо үчүн лицензияларды берүүдө? Чыр-чатак ушунун айынан чыгып жатат. Мен ал жерди 90-жылдарда эле изилдеп, кезинде Өзбекстанга каолин жеткирип тургам. Ошондон бери төрт компаниябыз "Ак-Молодо" иштеп келген. Алардын укук коргоо кызматкерлерине айткан дооматтары калп болуп чыкты. Топуракты анализге жибергенде бир тоннада эң эле көп дегенде 0,2 грамм эле алтын бар экендиги белгилүү болду. Мен эч кандай алтын казбайм", — деп жооп берди Буянов.

Ишкерлердин бири-бирин түрдүү мыйзамсыз аракеттерге айыптаган жагдайга чекит коюу үчүн атайын мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жана "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери кирген. Алар Аксы районуна барып эки компания менен жолугуп, жеке тараптар жүргүзүп жаткан иштер менен таанышып, кендин аймагынан топурак алып лабораторияга жөнөтүшкөн. Жыйынтыгында "Ак-Молодо" алтын жок экендиги белгилүү болгон. Бирок маселе толугу менен качан чечиле тургандыгы азырынча белгисиз.

Рудник "Ак-Моло" в Аксыйском районе Джалал-Абадской области

Мындан улам айрым адистер учурда геология тармагында башаламандык болуп, кен казуу тармагы тиешелүү деңгээлде көзмөлдөнбөй жаткандыгына сын айтып чыгышты. 40 жылга жакын геолог болуп эмгектенген Каныбек Коноковдун пикиринде, кендердин айланасындагы чырлар мамкызматкерлердин геологияны ийне-жибине чейин билбегендигинен пайда болууда.

Миллиарддаган акча! Кыргызстан кенге берген лицензиядан канча тапты. Инфографика
"Талаш маселелер мамлекеттик кызматкерлердин өз ишин жакшы билбегендигинен келип чыгууда. Учурда геологияны тескеген мекемеде ар кайсы тармактан келгендер иштеп жатат. Алар бул тармакты жакшы түшүнбөйт. Анысы аз келгенсип, лицензия берүүнү мамлекеттик комитет жүргүзсө, текшерүүлөрдү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга берилип калган. Ойлонуп карап көрсө, бир адамды экиге бөлүп салгандай эле кеп. Ар бир иште ырааттуулук болуш керек да. Ошондуктан кендерди коргоо милдетин комитетке кайтарып берүү зарыл. Антпесе абал жакшырбайт жана башаламандык токтобойт", — деди Коноков.

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү чалгындоо ишин мамлекет колго алуусу зарыл экендигин баса белгиледи. Анткени 26 жылдан бери тиешелүү мекемелер бир дагы издөө-чалгындоо иштерин жүргүзгөн эмес.

Учурда мамлекеттик комитет жеке жана юридикалык тараптарга жалпы 2500дөн ашык лицензия берген. Анын 265и изилдөөгө, 1076сы чалгындоого, 1273ү казуу үчүн тапшырылган. Уруксат кагаздарынан ушул жылдын алты айында өлкө казынасына төрт миллиард 169 миллион 981 миң сомдой акча түшкөн.