БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев "Кумтөр" боюнча жүргүзүлүп жаткан жаңы сүйлөшүүлөргө аймактарды өнүктүрүү фондун ачуу тууралуу да атайын пункт киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.
Төрөбаев өткөндө премьер Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке келгенде "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып, бирок кандай шарттар каралганын маалымдабаганын белгиледи.
Эл өкүлү аталган фонддун акчасына кичи жана чакан жумуш орундарын түзгөн ишканаларды ачып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу керектигин кошумчалады.
Төрөбаев ошондой эле фонд коюму үч пайыздан көп эмес насыя берип, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна альтернатива болушу керектигин белгиледи.
"Аймактарды өнүктүрүү фонду түзүлсө, кыргызстандыктар "Кумтөрдөн" түшкөн акчанын пайдасын көрүп ыраазычылык билдирмек", — деди депутат.
Белгилей кетсек, ноябрь айынын ортосунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып Centerra Gold Inc. компаниясы кыргыз өкмөтү менен былтыркы жылдын сентябрында түзгөн стратегиялык макулдашуусуна канааттанбай турганын билдирген.