Мас айдоочу автоинспекторду бурагыч менен сайып качып кеткен. Чоо-жайы

Кишини айып короонун кароолчусу менен жабырланган автоинспектор кармаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кызыл-Кыя шаарында автоинспекторду бурагыч менен көкүрөккө сайып качкан 27 жаштагы мас айдоочу көп узабай колго түштү. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Баткен облустук бөлүмүнөн кабарлашты.

Окуя 19-ноябрда болгон.

"Daewoo Tico автоунаасынын айдоочусу автоинспектордун токтотконун тоготпой кетип калган. Милиционер кызматтык унаасы менен кууп жетип, 27 жаштагы айдоочунун автокөлүгүн айып короого токтоттуруп, протокол түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Баткенде атылган прокурордун өлүмүнө шектелген аткаминер камалды
Ал жерден айдоочу автоунаасынан бурагыч сууруп чыгып, автоинспекторду көкүрөккө сайып, качып кеткен. Аны айып короонун кароолчусу менен жабырланган автоинспектордун өзү көп узатпай колго түшүргөн.

Айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери башталды. Ал эми милициянын жабырланган кызматкери учурда ооруканада. Маалыматта анын абалы өтө оор эмес экендигин, көп кан жоготкону менен маанилүү делген органдары жабыркабагандыгы айтылат.