Түркияда мукураган кыргыздардын ата-энеси Миграция кызматынын эшигин какты. Видео

Түркияга иштегени барган 26 кыргызстандык жаранга үч айдан бери маяна төлөнбөй, мекенине кайтуусуна билет ала албай жатышат. Мекендештердин ата-энелери жана туугандары Бишкектеги Миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборуна арызданып барышты.
Sputnik

Басымдуу бөлүгү жаштар түзгөн кыргызстандыктар "Фиеста Сервис" жумушка орноштуруу компаниясы аркылуу ушул жылдын июнь айында Анталия провинциясынын Кемер шаарына барып, "Авангард" деген мейманканада иштеген.

Карамушкина Санкт-Петербургдагы кыргыздардын абалына кейиди
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттиги 16-октябрда Түркияга иштегени барып алданып калган 46 мекендеш тууралуу жазган. Көп өтпөй эле аларга айлык төлөнүп жана мекенине жөнөтүлө баштаганы кабарланган. Бирок анда 17 адамды гана жөнөтүп, калганынын маселеси чечилбей калганы аныкталды.

Арызданган улан-кыздардын бири Бактыбек Рахатбек уулу иштеген мейманканасы 4-ноябрда эле жабылганын айтты. Андан бери 16 күн өтсө да айлык акы берилген эмес.

Миграция кызматына кайрылган Гүлмира Айдаралиева 20 жаштагы уулун 18-ноябрда жөнөткөн. Ал "Фиеста Сервис" компаниясынан тез арада баласын алып келип берүүнү талап кылууда.

"Балам студент, окуусунан суранып кеткен болчу. Эртең-бүрсүгүнү айылык берет экен деп жатып ушуга чейин созулуп кетти. 26сы тең үч айдан бери маяна да, билет да ала албай 16 күндөн бери жатышат. Анын арасында улан-кыздар, 30-40 жаштагы аялдар бар. Эгер бул маселе чечилбесе, прокуратурага дагы кайрылабыз", — деди Айдаралива.

Ошол учурда "Фиеста Сервис" компаниясынан жетекчиси Канат Чынботоев да келип калды. Ал кыргызстандыктар иштеген мейманкана банкротко учурагандыктан ушундай кырдаал жаралганын айтууда. Бирок ишембиге, тагыраагы 24-ноябрга чейин маяналары колуна тийип, Бишкекке келет деп убадалады.

Улан-кыздарды кууратты деген компанияга эми Анталиядан арызданышууда
"Өзүбүз да, консулдуктан да барып мейманкананын жетекчилери менен сүйлөшүп жатабыз. 4-ноябрда мейманкана жабылганы менен өздөрү андан кийинки оңдоп, сырдоо иштерин жасоого макул болуп калышкан. Буга да айлык төлөнөт. Анан 20-ноябрда иштен толук чыгышмак. Учурда жарандарыбыздын жатакана, тамак-ашын ошол мейманкананын жетекчилиги камсыздоодо. Эмгек акыларын сөзсүз түрдө алып беребиз", — деди Чынботоев.

Ошондой эле ал компания ар бир адамды жумушка орноштурууга 250 доллар кызмат акы аларын, бирок арызданып жаткандарды карызга жөнөткөнүн кошумчалады. Ал акчасын азыркыга чейин ала албай жүргөнүн айтты.

Чынботоевдин айтымында, "Фиеста Сервис" компаниясы былтыр ноябрь айында түптөлгөн.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген 75 жеке компания бар. Алар быйылкы жылдын алты айында 4649 адамды 14 өлкөгө жиберген.

Сизди чет өлкөгө жөнөткөн компания убадасынан тайып, келишимдеги шарттарды аткарбаса эмне кылуу керек?

— Сиз барган өлкөнүн ичиндеги Кыргызстандын элчилигине, консулдугуна кайрылыңыз.

— Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун сайтына электрондук арыз жөнөтүңүз.

Ноябрда айрым кыргызстандыктар Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылат. Шарттары
— Тышкы иштер министрлигинин сайтына даттануу жазыңыз. Анда кырдаал тууралуу кыскача айтып, дарегиңизди үйдүн номерине чейин так көрсөтүп, байланышуу жолдорун (телефон номер, электрондук почта) калтыруу керек.

Арызыңыз түшкөндөн кийин сизди жөнөткөн жеке компания бир жолу эскертүү алат. Экинчисинде ишмердүүлүгү токтотулуп, лицензиясынан ажыратылат. Ошондой эле 70 миң сомдук айып пул салынат.

Буга чейин алдамчылардын торуна түшүп, миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздарынын тагдыры тууралуу жазганбыз.