Бишкекте фура күйүп кетти. Өрттүн видеосу

Өрт саат 11.20да толугу менен өчүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Күбөнүн айтымында, кырсык бүгүн, 19-ноябрда, "Учкун" кичирайонундагы Ауэзов көчөсүндө болгон.

ӨКМден маалымдашкандай, жүк ташуучу унаадан эртең мененки саат 9.30да өрт чыгып, бир унаа жөнөтүлгөн. Натыйжада саат 11.20да өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Ал эми борбор калаанын ЖКККББсы окуя боюнча маалыматы жок экенин айтты.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.