Америкалык киши селфиден улам 99 жылга кесилбей калды

Жигиттин айтылгандарга тиешеси жок экенин анын энеси далилдеп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Техастын тургуну Кристофер Прекопия тагылып жаткан айыптардын негизсиз экенин жасаган селфиси менен далилдеп берди. Таң калычтуу окуя тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жаш жигит мурдагы сүйлөшкөн кызына кол салды деп күнөөлөнгөн. Бийкеч полицияга кайрылып, Кристофер анын үйүнө кирип келип таяктап, бычак менен төшүнө сүрөт тартып салганын айткан.

Канадада курбусун өлтүргөн кыз селфиден улам полицияга кармалып калды
Айып жабырлануучунун сөзүнүн негизинде коюлганына жана жигит ал кечте үй-бүлөсү менен болгонун айтканына карабастан Кристофер камакка алынган. Күнөөлөп жаткан тарап аны 99 жылга эркинен ажыратууну талап кылган. Кийинчерээк баланын жакындары 150 миң доллар күрөө коюп, аны абактан чыгарып алышкан.

Жигиттин айтылгандарга тиешеси жок экенин анын энеси далилдеп чыккан. Ал кызга кол салуу болгон күнү жаштар мейманканада чогуу тамактанганын эстеп, ал жай кылмыш болгон жерден 65 чакырым алыстыкта экенин айткан. Ал күнү кыз-жигит сүрөткө түшүп, Кристофер Facebook баракчасына аталган аймакта тартылган селфилерин жарыялаган. Бул сүрөт анын күнөөсүз экенин аныктаган документ болуп калган.

Кийин жабырлануучу кыз жигитинен өч алуу максатында болгон окуяны ойлоп тапканы ачыкталды.