БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 18-ноябрга караган түнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жолдон табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.
"Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Баткен облустук милициясынын кызматкерлери шектүүнү кармады. Учурда ал көрсөтмө берип жатат. Ал прокурорду тирүү кезинде акыркылардан болуп көргөн. Маркумдун автоунаасы башка жерден табылган", — деди Сеитов.
Баткен облустук ИИББдеги маалымат булагынын айтымында, Анарбай Мамажакыповду алгач сабап, андан кийин атып өлтүрүшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткендин Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду ноябрь айынын башында атып кетишкен. Ал учурда тирүү калганы менен кийин алган жаракатынан айыга албай каза болгон.