АКШда мергенчи бугу деп ойлоп адамды атып алды

Ар бир мергенчиге ачык түстөгү кызгылт-сары күрмө жана баш кийим кийүү талабы коюлган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШда мергенчи токойдо жашаган бугу деп ойлоп адамды атып алганын Sputnik Белоруссия агенттиги жазды.

Окуя Мичиган штатында болгон. Анда Гейлорд шаарынын 45 жаштагы тургуну 38 жаштагы мергенчинин колунан ажал тапканы айтылат.

Буйвол белгилүү мергенчини челип өлтүрдү
Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда алар жеке менчик аймакта өз-өзүнчө аңчылык кылып жүргөн. Бири-бирин таанычу эмес. Шектүү "аны жаныбар катары көрүп атып алдым" деп көрсөтмө берген.

Мичиган штатында бугуларга аңчылык кылууга 15-ноябрдан 30уна чейин расмий уруксат берилген. Ушуга окшогон кырсыктарды болтурбоо үчүн мергенчилерге тийиштүү талаптар коюлган. Тагыраак айтканда, аңчылар ачык түстөгү кызгылт-сары күрмө жана баш кийим кийиши шарт.