Пресс-борбор

Автоинспекцияны реформалоо: кайгуул милиция кызматкерлери канча айлык алат

Автоинспекциянын иш тартиби бешинчи ирет өзгөргөнү жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кайгуул милиция кызматкерлеринин ала турган маянасынын көлөмүн өкмөт аппаратынын коргоо, тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өкүлү Егор Скобеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул реформа мурункуларынан терең ойлонулуп такталган бюджети менен айырмаланат.

"Кайгуул милиция кызматкерлеринин айлыгынын минималдык чеги 21 миң сом болот. Мындан тышкары, унаага жана күйүүчү-майлоочу майдын чыгымы каралган", — деди ал.

Жол кайгуул милициясынын жаңы бөлүмү түзүлөт
Скобеев 2019-жылы реформага 200 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Кайгуул милициясынын жаңы структурасы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен Кайгуул-күзөт кызматынын бириктирилишинен түзүлөт. Милдеттери өзгөрүп, кайгуул милициясы жол коопсуздугуна эле көз салбастан, бекитилген аймактагы коомдук тартипти да көзөмөлдөмөкчү.