Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана эл аралык бьюти-конкурстардын өкүлчүлүгү менен биргеликте тартууланды.
Таажы менен баш байге үчүн жети дубандан келген 25 кыз ат салышкан.
Жеңүүчү деп Жалал-Абадды атынан чыккан 21 жаштагы Элмара Буранбаева табылды. Ал таажыдан сырткары "Аалам сулуусу — 2019" бүткүл дүйнөлүк сынагына катышуу үчүн жолдомо алды.
Биринчи вице-мисс наамына Бегимай Ивакова, экинчи орунга Шахзода Балтабаева, үчүнчүгө Арууке Ниязбек кызы татыды.
Ушундай эле аталыштагы сынак бир жума мурда Рыскүл Намазбекова тарабынан уюштурулуп, анда 22 жаштагы Айжан Жеңишова биринчи орунду ээлеген.