Окуя Индиянын батыш тарабында жайгашкан Пусад шаарында жекшемби күнү болгон. Маалыматка караганда, балдар короодо батперек ойноп жатышкан. Бир маалда оюнчук үчүнчү кабаттагы үйдүн балконуна барып илинип калган. Ойноп жаткан Свапнил аны алыш үчүн өйдөгө чыккан. Ал батперекти ылдыйга түшүргөнүн түшүрүп, бирок өзү дагы кулап кеткен. Кызыгы ал жерге түшкөн батперекти алганы жаткан досу Амолдун үстүнө кулаган. Бактыга жараша, эки бала тең жабыркаган эмес.