Жогорку Кеңеште кайрадан Жаштар министрлигин түзүү сунушталды

Эл өкүлүнүн ишендиришинче министрликти кайта түзүүдө эч кандай кошумча каражат керектелбейт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Жаштар министрлигин кайра түзүү керектигин айтты.

Депутат от фракции СДПК Карамат Орозова

Учурда депутаттар ар кандай маселелерди карап жатат.

Эл өкүлү өз сөзүндө cоюз учурундагы жаштар менен азыркылардын айырмасына токтолду.

"СССР учурунда комсомол кыймылдары бар болчу. Азыркы жаштардын башын бириктире турчу өзүнчө орган жок. Жаштар өзүнүн ордун табуу үчүн өзүнчө партияларды түзүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков жаштар менен жолугушууларды өткөрүп, алардын эмгегин баалап, жаштар өлкөнү өнүктүрүүнүн, жаңылоонун негизги кыймылдаткыч күчү экенин айтып, жаштарды прогрессивдүү күч катары баалаган гана мамлекеттер өнүгөт деп баса белгиледи. Ошондуктан мен өкмөткө Жаштар министрлигин кайрадан киргизүүнү сунуштайм. Имараты бар, ал эми аймактарда жаштар үйлөрү да курулган, ага эч кандай ашыкча каражаттын кереги жок", — деди депутат.

Бекешев: айдоочулар президенттен тарта мэрге чейин сөгүп жатат
Ал ошондой эле жаштар кызматта иштөөгө даярдалбагандыктан кызматкерлер бат-баттан алмашып жатканын айтып, жаш кадрлар мектебин ачууну да сунуштады. Эл өкүлү, андан сырткары, тубаса таланттуу жаштарды ишке тартууда артыкчылык берүү керектигин айтып, ага чет жактан окуп келип, Кыргызстанда иш таба албай кайта кетип жаткан жаштарды жүйө келтирди.

Эске салсак, Жаштар министрлиги Кыргызстанда 2011-жылы түзүлүп, 2014-жылга чейин иштеген. Мекемени Алиясбек Алымкулов жетектеп келген.