БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов 2019-жылдын кабыл алынып жаткан бюджетинде кайсы тармактарда айлык көтөрүлөрүнө кызыкты.
Учурда депутаттар 2018-жылдын бюджети жана 2019-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.
Эл өкүлү кийинки жылы мугалимдердин да айлыгын көтөрүү керектигин белгиледи.
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын бюджетинде мугалимдердин айлыгын жогорулатууга каражат каралбаганын, бирок кийинки жылы күзгө барып, экономиканын өсүшүн карап чыккандан кийин мугалимдердин маянасын көтөрүү же көтөрбөө маселесин чогуу-чаран чечүүгө аракеттер көрүлөрүн айтты.
"2019-жылдын бюджетинде мугалимдердин маянасын жогорулатуу каралбаганы менен күн тартибинде окутуучулардын айлыгын көтөрүү маселелси турат", — деди ал.
Мамлекеттик кызматта иштеп, ошол эле учурда кошумча жумуш тапкан кызматкерлер да жок эмес. Негизги кесибинен тышкары жумушта иштеген жарандар тууралуу бул жактан окуңуз.