Облустарда аэропортторду оңдоп-түзөй башташты. Сүрөт

Аэробекеттерди модернизациялоо Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жасалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын үч облусундагы аэропорттор оңдоп-түзөлөрүн "Манас" эл аралык аба майданынан кабарлашты.

Аэробекеттерди модернизациялоо Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жасалууда.

1 / 2
Авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында "Талас" аэропортунун айланасын тосуу үчүн сынак жарыяланган. Ал иштер 2019-жылы аягына чыгат.
2 / 2
Жалал-Абад облусунун "Казарман" аэропортунда жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу үчүн капиталдык оңдоо жүрүп жатат. Бул иштер жайында башталган.

Жалал-Абад облусунун "Казарман" аэропортунда жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу үчүн капиталдык оңдоо жүрүп жатат. Бул иштер жайында башталган.

Өлкөнүн бир да аба майданы талапка жооп бербейби? "Манас" аэропортунун жообу
Маалыматта иштин көп бөлүгү бүтүп калганы, учурда имараттын ичине суу киргизүү маселеси чечилип жаткандыгы айтылган.

Ал эми "Нарын" аэропортунда жаңы аэробекет комплексин куруу пландалган. Аба майдандын күндүз учактарды кабыл алууга даяр экендиги жана Жарандык авиациядан алган тиешелүү сертификаты бар экендигин кабарлашты. Бул жерде учуп-коно турган бир тилке бар. Ал пайдаланууга 1974-жылы берилген.

Авиациялык коопсуздукту камсыздоо максатында "Талас" аэропортунун айланасын тосуу үчүн сынак жарыяланган. Ал иштер 2019-жылы аягына чыгат. Аэровокзал деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте жайгашкан жана асфальт-бетон жаткырылган конуп-учуучу бир тилкеси бар. Ал пайдаланууга 1979-жылы берилген.