Елизавета II эмне тамак жейт? Канышанын мурдагы ашпозчусу үн катты

Каныша тамак жасабаганы менен тамагын ичип бүткөндөн кийин идиш-аягын жууп коймой адаты бар.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Елизавета IIнин мурдагы ашпозчусу Даррен Макгрэдди канышанын жакшы көрүп жеген тамагы жана салаттан чыккан куртка болгон реакциясы тууралуу айтып бергенин Mirror басылмасы билдирди.

15 жылдан ашык падыша сарайында эмгектенген ашпозчу каныша жөнөкөй тамактарга артыкчылык берерин белгилейт. Елизавета II эртең менен чай ичип, жүгөрүнүн үлпүлдөгүн жегенди жакшы көрөт. Ошондой эле таң эрте йогурт, мармелад кошулган тост берилсе андан баш тартпайт.

Ал эми салтка айланган чай ичүү маалында жемиш кошулган торт жана шоколаддуу пирожки жегенди жакшы көрөт.

Британиянын 97 жаштагы канзадасы машина айдап баратканда сүрөткө тартып алышкан
Кечки тамакка көбүнесе балык менен Виндзор сарайындагы күнөсканадан алынып келген жемиштерди жегенди жактырат.

Макгрэдди ошондой эле Букингем сарайында ашпозчуларга каалоо-тилек жаза турган атайын китепче бар экенин айтып берген.

Бир жолу Елизавета тарелкага салынган салаттан үлүл таап алган, бирок эч кандай чуу чыгарган эмес. Ал болгону каалоо-тилек жазыла турчу китептин бир барагын айрып, ага үлүлдү ороп: "Салаттан таап алдым. Силер муну жей алат белеңер?" — деп жазып койгон.

Макгрэдди андан сырткары каныша тамак жасабаганы менен тамагын ичип бүткөндөн кийин идиш-аягын жууп коймой адаты бар экенин кошумчалаган.