Шадиевдин ордуна келген депутат ант берди

Ал "Бир Бол" фракциясынан эл өкүлү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Эрмамат Тагаев депутат болуп келип ант берди.

Белгилей кетсек, ал "Бир Бол" фракциясынын мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин ордуна келди.

Шадиев ноябрдын башында Боршайкомдун чечими менен мандатынан ажыратылган.