Сыйлык сурап келбегиле! Маданият министри Жаманкулов элге кайрылды

Министр идеяларды ишке ашыруу үчүн коомчулукту ага арка бел болууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жалпы жарандык коомчулукка кайрылуу жасаганын министрликтен билдиришти.

Самара Каримова Оштогу музыкалык училищенин директору болбой калды
Министр өз кайрылуусунда маданият тармагында жасала турган иштер көп экенин айтып, приоритеттүү тармактарды атаган. Алар: маданият жана искусство, кесиптик классикалык музыкадан баштап элдик чыгармачылык чөйрөнү өнүктүрүү, туристтик сектордо көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрүү жана эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын калыптандыруу.

"Жалпы маданият тармагында көйгөйлөр жок эмес, аларды жоюу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Бүгүнкү күндө министрликке келген жарандардын 90 пайызы наам, сыйлык алуу маселеси менен келип жатышат. Муну токтотуу керек. Жалпы жарандык коомчулуктан мага сыйлык сурап эмес, жаңы идея менен келүүңөрдү суранам. Аткарыла турган иштердин маанилүүлүгүн эске алып, мага арка бел болууга чакырам", — деди Жаманкулов.

Ал ошондой эле министрлик өз компетенциясынын чегинде сыйлыкка келип түшкөн документтерди коллегия курамы менен карап, процедура боюнча мамлекеттик сыйлыктарды караган катчылыкка жөнөтөрүн белгилеген.