Төшөк мамилесине тойбогондордун саны эсептелди. Иликтөө

Окумуштуулар адамдын интеллектуалдык өнүгүү деңгээли анын сексуалдык жашоосуна таасирин тийгизбейт деди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар дүйнө жүзүндө дене кумарына тойбогон канча адам жашай туранын иликтеп көрүштү. Бул туурасында The Mirror басылмасына шилтеме берип жазды.

Илимпоздор 18-50 жаш курактагы 2 325 адамды иликтөөгө алышкан. Анын жыйынтыгына караганда, ар бир онунчу эркек жана ар бир он экинчи аял төшөк мамилеси жаатында өзүн кармай албай калган абалга жакыныраак болору айтылган.

Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Адистер байманалуу жашагандарга караганда, аз акча тапкандар кыз-келиндерди (аялдарды) кармалап жибергенге жакын келерин айтышты.

Окумуштуулар адамдын интеллектуалдык жактан өнүккөн деңгээли анын сексуалдык жашоосуна таасирин тийгизбейт дешти. "Ушул маньяк болушу мүмкүн" деп шек жараткандардын арасында жогорку жана орто билими барлар деле кездешет экен.

Сексуалдык жактан бушайман болгон кишилердин көптүгү интернет айдыңында порно видеолордун пайда болушу жана бул теманын коомдо жаап-жашырбай ачык айтылышынан улам келип чыгууда деген пикир айтылган.