Абайлаңыздар! Боомдун жолуна муз тоңду. Видео

Кыргызстанда 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү аба ырайынын температурасы кескин төмөндөп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Мирлан Турсунов Боом капчыгайынан тартылган видео жүктөдү.

Белгилей кетсек, 12-ноябрга караган түнү өлкөдө аба ырайынын температурасы кескин төмөндөп кетти.

"Боомдо көк муз, абайлаңыздар", — деп жазды интернет колдонуучу.

Баса, Кыргызгидромет жарыялаган бир жумага карата аба ырайы менен таанышып алыңыздар.