Бишкектин көчөлөрү быйылкы кышта реагенттер менен тазаланабы? Мэриянын жообу

Реагент — кышында унаа жолдорундагы кар жана музду эритүү үчүн колдонулган химиялык зат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүн кыш мезгилинде реагенттер менен тазалоо мүмкүнчүлүгү канчалык экенин муниципалитеттен түшүндүрүп беришти.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар "жаңы жасалган жолдорго туз менен кесек кум терс таасирин тийгизбейби? Карды эритүүчү реагенттер сыяктуу башка заттарды колдонсо болобу?" деген суроо менен кайрылган.

Маалыматка караганда, реагенттерди суюк абалда көчөгө чачууга "Тазалык" ишканасынын мүмкүнчүлүгү жок.

"Адистердин кеп-кеңеши жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянсак, кышкысын жолду тазалоодо эң эффективдүү жана зыянсыз зат болуп техникалык туз калууда. Учурда "Тазалык" тузду нымдап чачкан техника чыгарган бир нече компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Бирок баасы 1 миллион доллардын тегереги болгондуктан, дароо сатып алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат ", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Ашууларда кар жаап жатат, чиркегичи бар оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду
Ал эми жаңы асфальттын бузулушуна тазалоочу каражаттардын курамы эмес, техниканын тартыштыгынан кар менен муздун убагында тазаланбай калышы себеп болуп жатканы айтылды.

Буга чейин "Тазалык" муниципалдык ишканасы кышта калаа ичиндеги жолдорго кам көрүү максатында 865 тонна кум жана 203,2 тонна техникалык туз сатып алганын кабарлаган. 

Бишкекте жолду кардан тазалоо иштери 1-ноябрдан 1-мартка чейин уланат.

Реагент — кышында унаа жолдорундагы кар жана музду эритүү үчүн колдонулган химиялык зат.