Эркекти зордуктап... Кыргызстанда аялдар жасаган кылмыштардын рейтинги

Аялдар тарабынан жасалган кылмыштардын рейтингинин эң аягында зордуктоо турат. Кыргызстандын укук коргоо органдары жылына аялдардын зомбулугуна кабылган 1-2 учурду каттоого алат.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2017-жылы мыйзам бузган кыргызстандык аялдар тууралуу маалыматты жарыялады. Sputnik агенттиги аялдар тарабынан эң көп жасалган мыйзам бузууларды тизмектеп көрдү.

1. Уурулук. Былтыр аялдар тарабынан жасалган 541 уурулук катталган. Бул жалпы уурулук кылмышынын 15 пайызын түзөт.

2. Бейбаштык. Жаңжал чыгарып, мал-мүлккө зыян келтирген 295 аял сот жообуна тартылган. Ал эми эркектер арасында бул көрсөткүч алты эсе көп.

3. Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу. Ар бир төртүнчү ишке аялдар аралашкан. Башкача айтканда, жалпы 64 учур каттоого алынган.

4. Баңгизатын сатуу. 42 аял баңгизат сатып мыйзам бузган. Ал эми бул жаатта эркектердин жасаган кылмыштары 27 эсе көп.

5. Тоноо. Бул берене боюнча жоопко тартылган ар бир жыйырманчы киши аял болгон. Жалпы жонунан 824 учур катталса, анын 41ин аялдар жасаган.

6. Адам өлтүрүү. 2017-жылы аялдардын колунан 25 киши өлгөн. Бул былтыр катталган учурлардын 9 пайызын түзөт.

7. Денеге оор залал келтирүү. Былтыр аялдар тарабынан жасалган 13 учур катталып, кылмыштын 6 пайызын түздү.

8. Зордуктоо. 2017-жылы жалпысынан 198 зордуктоо катталса, анын бирине аял айыпталган.

Жакында эле сот күйөөсүн балдарынын көзүнчө тирүүлөй өрттөп жиберген аялга өкүм чыгарды.