Радио

Мукеева: жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтпөсө, адистер аймактарга барбайт

Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар ассоциациясынын аткаруучу директору Сүйүмжан Мукеева жаш кадрларды аймактарга тартуу оңой эместигин айтты.
Sputnik
Мукеева: жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтпөсө адистер аймактарга барбайт

Жер-жерлердеги бийлик өкүлдөрү колдоо көрсөтпөсө, адистер аймактарга барбайт. Себеби региондордогу социалдык-экономикалык абал начар. Бул тууралуу Сүйүмжан Мукеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ал жергиликтүү бийлик аймактарга бара турган жаш адистерди бардык жактан колдоого тийиш экенин белгиледи.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жаш адистерди чакырып эле тим болбостон батир, жатакана, же болбосо жер тилкесин бөлүп берип, турак жай менен камсыз кылышы керек. Окуусун жаңы аяктап барган бүтүрүүчүнү аймакка тартуу боюнча жетекчилер биринчи кезекте өздөрү кызыкдар болуусу зарыл. Элет тургундарынын саламаттыгы бир гана дарыгерлерден көз каранды эмес. Айыл тургундарынын ичкен суусу, тамак-ашы, жашаган чөйрөсү да көп нерсеге таасир этет. Мындай маселелердин бардыгы чечилбей келгендиктен, аймактарда адистердин жетишсиздиги, оорулардын көбөйгөндүгү байкалып жатат", — деди Мукеева.

Ал Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна дарыгерлер жетишпей жатканын кошумчалады.